Энергетика маселелери тууралуу мыкты макалага сынак жарыяланды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
«Бардыгы КР энергетикасы жөнүндө» аттуу сынакка жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эркин журналисттер, колумнист авторлор катыша алат.
Максат – тармактын абалы, маселелери, келечеги тууралуу материалдарды, ачык маалыматтарды жайгаштыруу, бул темада жазган активдүү журналисттердин жана талдоочулардын тобун түзүү.
Негизги темалар - тариф саясаты, энергетикага салынчу инвестициялар, генерациялоо, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү жана экспорт/импорт, энергияны үнөмдөө жана туура пайдалануу.
Сынакка катышуунун шарттары комитеттин расмий сайтына жарыяланды.
Былтыр энергетика тармагындагы абал талкууланганда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков энерготармак токтоосуз реформага муктаж экенин белгилеген. (RK)