Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Орусияда карантин эрежелери 12-майдан тартып жумшара баштайт


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Бул тууралуу президент Владимир Путин 11-майда өкмөт менен өткөргөн жыйында билдирди. Анда ал Орусия «чектөөлөрдү жумшартуу режимине жакындап» калганын айтты. Ошондой эле үйдө болуу тартиби жана иштебей турган күндөр оорунун кеңири тарашын токтотуп, «миңдеген өмүрдү» сактап калууга мүмкүнчүлүк бергенин билдирди.

Путиндин айтымында, өлкө боюнча 12-майдан тартып иштебей турган күндөрдүн мөөнөтү узартылбайт жана айрым өнөр жай ишканалары жумушун баштайт. Ал жарандарды жана ишкерликти колдоо чаралары иштелип чыкканын билдирди, бирок анын чоо-жайын ачыкка чыгарган жок.

Путиндин маалыматы боюнча, чектөө эрежелерин алуу баскыч-баскыч менен жүрөт. Мындан тышкары эл көп катышуучу иш-чараларды уюштурууга дагы эле тыюу салынат. Путин улгайган адамдарды үйдө отурууга чакырды.

Ал арада Орусия COVID-19 жуккандардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты.

Орусияда соңку бир күн ичинде коронавирус дагы 11 656 адамдан табылды. Бул тууралуу ыкчам штаб кабарлады. Бул коронавирус пандемиясы жарыялангандан берки дагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.

11-майга карата өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирус жуккандардын саны 221 миң адамдан ашты. Бул көрсөткүч менен Орусия Британия менен Италияны басып өтүп, үчүнчү орунга чыкты.

Москвада соңку бир күн ичинде илдет 6100дөн ашык кишиден табылды жана бул да оору катталгандан берки жогорку көрсөткүч болуп калды.

Акыркы бир күн ичинде бул оорудан 94 адам көз жумду жана каза болгондордун жалпы саны эки миңден ашты.

Орусияда өлкө боюнча өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал жарыяланган эмес.

XS
SM
MD
LG