Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Депутат беткап жана маалымдама боюнча чараларды сындап чыкты


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Парламент депутаты Элвира Сурабалдиева Бишкекте беткапсыз жүргөндөргө айып салуу жана ишкана тууралуу салык кызматынан алынган кагаз талап кылуу боюнча чараларды «акылга сыйбайт» деп сындады. Депутат жергиликтүү бийликтин мындай иш-аракети жарандардын кыжырын келтирет деп эсептейт. Бул тууралуу Сурабалдиева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Эртең комитеттин сессиясында бул чараны токтотууну талап кылам», - деп жазды депутат.

Эл өкүлү карантин учурунда беткап тагынып жүрүү туура экенин, бирок башка мамлекеттерде коомдук жайларда ал бекер таратыларын белгиледи. Ошондой эле жарандарга аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү зарыл экенин айтты. Ал эми салык кызматынан ишкана тууралуу маалымкатты алуу боюнча өкмөттүн санариптештирүү системасынын иштебегенин сындады. Ошондой эле айрым салык кызматынын кызматкерлери жумушка жете албай жатканын айтып өттү.

11-майдагы онлайн брифингде Бишкек мэри Азиз Суракматов 11-майдан баштап күчүнө кирген «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» жана «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдардагы өзгөртүүлөр күчүнө киргенин белгилеп, анда карантиндик эрежелерди бузгандарга ири өлчөмдө айып каралганын билдирди. Анда беткап тагынбагандарга 1000ден 5000 сомго чейин айып каралган.

Коронавируска каршы республикалык штаб 11-майга карата Бишкекте вирус жуккандардын саны 327 адам экенин билдирди. Мэрия шаарда бул илдетке чалдыккандардын 79у медицина кызматкери, 36сы милиционер экенин кабарлады. (TSh)

XS
SM
MD
LG