Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Нарын: Төрөт үйүнүн алты кызматкери коронавируска чалдыкты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу 12-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал медицина кызматкерлерине оорунун жугушуна санитардык-эпидемиологиялык шарттар сакталбаганы себеп болгонун айтты:

«Коргонуу чараларын сактабагандык, этибар албагандык».

Жалпысынан соңку бир сутка ичинде Нарын облусунда COVID-19 жети адамдан табылды.

12-майга карата Кыргызстанда 241 медицина кызматкерине вирус жукту, алардын ичинен 186 адам айыгып чыкты.

Ал эми республика боюнча 12-майга карата коронавирус 1037 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар - 709 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG