Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Бишкек: COVID-19 «Фрунзе» дүкөнүнүн сатуучусунан табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте «Фрунзе» гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус табылды. Бул маалыматты 12-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бишкектеги «Vefa» соода борборунун «Фрунзе» гипермаркетинин сатуучусу коронавирус жугузуп алганы жөнүндө маалымат чынбы?» деген суроого ал:

«Ал - өзү кайрылган бейтаптардын бири. Оорунун белгилерин байкап, Санэпидкөзөмөл борборуна кайрылган экен. Ошол жерден лабораториядан текшергенде тастыкталган. Азыр ооруканада дарыланып жатат», - деп жооп берди.

Министрликтин маалыматына караганда, ошол гипермаркетте иштеген кызматкерлердин баарынын анализи алынып, медициналык көзөмөл жүрүп жатат.

Коронавируска байланыштуу шаардагы айрым дүкөндөр жабылып, ири маркеттер гана үзгүлтүксүз иштеп жатат. Оору чыккан алгачкы убакта анда иштегендер, кассадагы сатуучулар беткап, атайын костюм кийип чыгып жатышкан. Бирок кийинки кезде андай коргонуу чаралары көрүлбөй калган. (RK)

XS
SM
MD
LG