Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Масалиев өкмөт ишин канааттандырарлык эмес деп табууну сунуш кылды


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 12-майдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев комитет төрагасына кайрылып, өкмөттүн отчетун четке кагуу тууралуу сунушун добушка коюуну суранды.

"Эки кызматтан (Ред. Бажы жана Салык кызматтары) эки миллиарддан ашуун сом түшкөн эмес. Анча-мынча программаларды камсыздоо болгон эмес. Биз азыр отчетту кантип канааттандырабыз? Өздөрү жазып атса, биз жумушубузду 80 пайыз аткарсак. Рейтингиңер эмнеге көтөрүлүп кеткенин билбейм. Бирок бюджет аткарылбаптыр. Биз бекитип берген мыйзамды аткарыш керек да. Анан адаттагыдай күздө келесиңер 2019ду түзөтүп бергиле деп. 2018-жылдагыдай болуп 4-5 миллиардды өзгөртүп бергиле дейсиңер. Ошентип эч нерсеге эч ким жооп бербей калат. Бул өкмөттүн ишин канааттандырбашыбыз керек. Өкмөт ишин так аткарган эмес".

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Масалиевге жооп берип жатып, кемчиликтердин баары жүйөөлүү экенин айтты.

"Бир эле Жунда заводунда 1 миллиард сом салык түшпөй калды.Сиз Салыкты жетектегенсиз. Аны түшүнөсүз да. Кемчиликтер бар. Бирок жүйөөлүү кемчиликтер".

Жыйында өкмөттүн былтыркы жылдагы иши тууралуу отчету каралып жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG