Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Депутат Сулайманов өкмөттүн жаңы жумуш орундарын түзүү ишин сынга алды (видео)


Алтынбек Сулайманов.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов өкмөттүн өлкөдө жумуш орундарын түзүү ишин жетишсиз деп эсептейт. Мындай пикирин ал 12-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитетинин өкмөттүн 2019-жылдагы ишин талкуулаган жыйынында айтты.

Сулайманов премьер-министрдин отчётундагы бир жылда 77 миңдей жумуш орду түзүлгөнү тууралуу маалымат суроо жаратып жатканын билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев: «Статистика ошондой эле. 14688 туруктуу орун, а калгандары өз алдынча дегендер - чакан дүкөн ачкан, ишкана ачкан, жер алып иштеткендер», - деп жооп берди.

Депутат Сулайманов мамлекеттик ишканалар ачылбай жатканын белгилеп, Кыргызстандын алты миллион калкынын 600 миңи бюджетке салык төлөгөн ишкерлер экенин, алардын эсебинен 400 миң мамлекеттик кызматкер айлык аларын, мамлекеттик ишканалардын 90% дотацияда экенин, бюджеттен каржылануучу мекемелерде бирин бири кайталаган кызматтар бар экенин айтты. 2 миллиард долларлык бюджеттин баары өнүгүүгө эмес, күнүмдүк каржылоого кетип жатканын кошумчалады.

Бүгүн өкмөт башчы баш болгон жетекчилер парламенттик комитетте маалымат берүүдө. Жыйында былтыр ички дүң өнүм 4,5% болгону жана бул көрсөткүч 2016-жылдан бери өсүп келе жатканы, тышкы инвестиция көлөмү былтыр 876 млн. долларга жетип, өсүш 2,9% болгону айтылды.

Учурда жыйын суроо-жооп форматында уланууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG