Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Сапар Исаков кайрадан №1 тергөө абагына которулууда


Сапар Исаков сот залында. Архивдик сүрөт.
Сапар Исаков сот залында. Архивдик сүрөт.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кайрадан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Самат Калыков билдирди.

Анын айтымында, буга соттун чечими негиз болду. Калыков бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө коронавирустун алдын алуу боюнча чаралар көрүлгөнүн айтты:

"Бүгүн которобуз. Коронавируска текшеребиз. Биздин "коронавирус жок" дегенибизге ишенбей жатышпайбы. ПЦР анализ алып, оорусу жок экенин көрсөтөбүз. ЖАМК тутумунда коронавирус жок. Тескерисинче, түрмөлөр азыр эң корголгон жер болууда. Муну соттолгондор өзүлөрү да айтып жатышат".

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 30-апрелде билдирүү таратып, бийликтен «партияны бөлүп, мүчөлөрүн куугунтуктоону токтотууну» талап кылган.

30-апрелде жарыяланган кайрылууда карантин эрежелерине карабастан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков колонияга которулуп, анын коопсуздугуна коркунуч жаралганы айтылган.

Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция үчүн айыпталып, №1 тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 колонияга 23-апрелде которулган. Анын үстүнөн дагы бир иш - Улуттук тарых музейиндеги коррупцияга байланыштуу соттук териштирүү уланып жатат.

Бир нече күн мурда №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен коронавирус табылганы расмий айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG