Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

13-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

13-майда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-майда күндүз жана 14-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 26…31;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…21 градус болот.

XS
SM
MD
LG