Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:59

Санкт-Петербургда СOVID-19ду дарылаган ооруканада өрт чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санкт-Петербургда коронавируска чалдыккандар дарыланып жаткан ооруканада өрт чыгып, беш киши мерт болду. Өрт Ыйык Георгий атындагы оорукананын реанимация бөлүмүндө шейшембинин таңында чыккан. Баштапкы маалыматка караганда, өрттүн чыгышына өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын ишиндеги мүчүлүштүк себеп болгон.

ТАСС маалымат агенттиги каза болгондордун баары коронавирустан жабыркап, аппараттын жардамы менен дем алып жаткандар болгонун жазды. 150дөй киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Окуя боюнча кылмыш иши козголду. 9-майда Москвада COVID-19дан дарылангандар жаткан ооруканада өрт чыгып, бир аял каза тапкан.

Петербург коронавирус жуккандардын саны боюнча Орусияда үчүнчү орунда турат. 12-майга карата ал жакта бул инфекция менен ооругандардын саны 7700дөн ашты.

XS
SM
MD
LG