Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Абылгазиев убадаларды аткарууга каражат керек экенин айтты


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 12-майдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов өкмөттүн ишин сындап чыкты.

«Үчүнчү жолу отчёт тапшырып жатасыз. Аны колдоп эле келе жатабыз. Командаңыз жаңы келгенде «эки ай ичинде өзгөрүү, программалар менен реформаларды жасайбыз» деп убада бергенсиңер. Бирок эки жылдан ашты. Эч кандай өзгөрүү болбоду, программа да сунуш кылган жоксуңар. Жигердүү реформаны көрбөдүк. Тескерисинче, мамлекеттик ишканаларды көбөйтүп, жумуш ордун бюджеттин эсебинен түздүңүз», - деди Сулайманов.

Мухаммедкалый Абылгазиев реформаларды аткаруу маселеси акырындап жөнгө салына баштаганын белгиледи:

«Ооба, ошондой сөздү айтканбыз. Бирок өкмөткө келип, азыркы иштеп жаткан түзүмдүн, бюджеттин абалын көрүп, талдоо жүргүзгөндөн кийин азыркы түзүм менен иштеп турган оң болот деген ойго келдик. Бюджетти көрүп атасыз, социалдык багыттагы бюджет. Чоң өзгөрүү болушу үчүн каражат жолун табуу багытына кетип баратабыз. Аппаратты кыскарткан менен анын социалдык маселеси кайра чыгат экен. Мисалы, 30 миң киши кыскарса алар кайра жумушсуз болот. Ушунун баарын эсептеп көрдүк, жөн эле кыскартуудан маселе чечилбейт. Экономиканын өзүн өзгөртүш керек».

Абылгазиевдин мындай жообуна депутат Алтынбек Сулайманов канааттанбай турганын айтты:

«Ким сизге жолтоо болуп атат? Сизге берген мүмкүнчүлүк эч кимге берилген жок. Президенттин, парламенттин сизге колдоосу эбегейсиз зор. Эл чыдады. Бирок сиз аны актай албай жатасыз. Иштеген жоксуз дебейм, иштеп атасыз. Бирок күнү-түнү сааттай иштеш керек да, министрликтер менен. Министрлер сизге кире албай айлап жүрүшөт экен».

Премьер-министр бул айтылгандарга макул болгон жок.

«Айлап кире албаган министр жок. Бир жумада сөзсүз кирет. 2020-жылы илдеттен аман-эсен чыгып алсак деген эле ой болуп калды. Балким биз убакыттан уттурдук. Бирок азыркы 4,5 пайыз өсүш - биздин команданын ишинин жыйынтыгы. Элге жага турган, уга турган нерселерди айтып коюп кете бериш оңой. Бирок мен анын аягы эмне болот, уят болбоймбу деп ойлоном», - деди Абылгазиев.

Жыйында өкмөттүн былтыркы жылдагы иши тууралуу отчёту каралып жатат. Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн азыркы курамы 2018-жылдын 20-апрелинде бекитилген. (NT)

XS
SM
MD
LG