Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

ТИМ чет жактагы мигранттарды жеке PRды көздөгөндөргө алданбоого чакырды (видео)


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Кыргызстандын башкы дипломаты чет жактан мекенине кайтууну каалаган жарандарды жеке максатын көздөгөн адамдардын «чагымчыл аракеттерине азгырылбоого» чакырды.

Тышкы иштер министри (ТИМ) Чыңгыз Айдарбеков 12-майда онлайн брифингде сүйлөп жатып чет мамлекетте жардам сурап кайрылган жарандарды алып келүү иши күнү-түнү уланып жатканын айтып, айрымдар «кырдаалды курчутууну улантып жатышканын» билдирди:

«ТИМдин иши азыр көп кыйынчылыктарга дуушар болууда. Ошондой болсо да күнү-түнү иштеп, бүт аракетибизди жасап жатабыз. Тилекке каршы, ушундай оор шартта да бул маселенин айланасында жалган маалымат, фейк-жарыя таратуу жана жеке PR-акция уюштуруу уланып жатат. Өлкөбүздүн ичинде да, сыртында да айрым адамдар, ар кандай өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын жана кыймылдардын өкүлдөрү кырдаалды курчутууну улантып жатышат. Алар эвакуациялоого өз кызматын сунуш кылуу менен жарандарыбызды адаштырууда. Алардын аракети биздин ишке зыян гана алып келет жана Кыргызстандын башка мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүү, макулдашууга жетишүү абдан чоң күч-аракетибизди жумшоо аркылуу ишке ашып жатат. Жеке PRды көздөө элибизге зыян тийгизбеши керек».

Министр Айдарбеков кыргызстандыктарга кайрылып, расмий маалыматты чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн гана алуу зарыл экенин эскертти.

15-апрелде өкмөттүн чет жактагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иши парламентте кескин сынга кабылган.

Андан бери миңдеген адам Кыргызстанга кайтарылды. Соңку маалыматка караганда, дагы 58 мамлекетте 9 миңге жакын жаран кезекте турат.

Буга чейин Орусиянын Оренбург облусунда жолго чыккан кыргызстандык эмгек мигранттары көчөдө калганы тууралуу маалыматтар видео, сүрөтү менен интернеттеги социалдык түйүндөргө жарыяланган. Буга байланыштуу айрымдар бийликти сындаган билдирүүлөр менен чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG