Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Сербияда бийликти сындагандар менен аны колдогондор көчөгө чыкты


Оппозиция бийликтен шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну талап кылып жатат.
Оппозиция бийликтен шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну талап кылып жатат.

Дүйшөмбүдө Сербиянын борбору Белгардда бийликке каршылар жана аны жактагандар да нааразылык акциясына чыгышты. Эки тараптын кагылышуусунун алдын алыш үчүн күч түзүмдөрү жагдайды көзөмөлдөп турушту.

Оппозицияны жактагандар кийинки айда өтө турган шайлоону жылдырууну талап кылышты. Алардын пикиринде, бул жолку шайлоо адилеттүү өтпөйт. Анын себеби катары пандемияга байланыштуу киргизилген карантин чаралары жана бул маалда президент Александр Вучичтин өз позициясын бекемдеп алышы аталууда.

Ал эми бийликтин тарапташтары полициядан оппозиция өкүлдөрүнө байланыштуу окуяларды иликтөөнү талап кылып чыгышты. Эки тарап тең ачкачылык жарыяларын билдиришти.

Пандемияга байланыштуу көбү беткапчан жүрүшкөнү менен ортосундагы аралык сакталган жок.

Сербиянын президенти Александр Вучич буга чейин оппозицияны «вирусту жактайт же вирусчул» деп мүнөздөп келген. Байкоочулар Вучич карантин чараларын өз пайдасына колдонгонун сындап жатышат.

Сербияда жергиликтүү бийликке шайлоо 21-июнга белгиленген.

XS
SM
MD
LG