Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Уханда жашагандар коронавируска жапырт тест тапшырат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын Ухань шаарынын бийлиги тургундардын баарынан коровируска жапырт тест алганы жатат. Бул тууралуу «Reuters» маалымат агенттиги ишенимдүү булагына таянып кабарлады. Ага ылайык, жапырт тест 10 күндүн ичинде алынмакчы.

Өпкөнү сезгенткен жаңы вирус алгач 11 миллион эл жашаган Ухань шаарында былтыр жыл аягында чыккан. Дүйшөмбүдө Уханда соңку бир айдан ашык убакыттан бери алгачкы жолу коронавирус жугузуп алган беш адам аныкталган.

Уханда катаал карантин ушул жылдын анварь айынын аягында киргизилген жана апрель айынын башында алынган. Коронавирус пандемиясы маалында шаарда оору 50 миңден ашык адамга жуккан жана төрт миңдей бейтап көз жумган.

АКШ жана бир катар батыш өлкөлөрү Бээжинди «ооругандардын жана көз жумган адамдардын чыныгы санын жашырат» деп сындашкан. Кытай мындай дооматтарды четке кагат.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 4,1 миллиондон ашык адамга жукту. Илдеттен 286 миңден көп киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG