Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Тажикстанда COVID-19дан каза болду дегендердин кошумча тизмеси түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда соңку бир күн ичинде коронавирус жугузуп алган дагы 49 адам табылды жана ооругандардын жалпы саны 661 адам болду. Саламаттык сактоо министрлиги илдеттен жалпысынан 21 адам кайтыш болгонун билдирди.

Мунун алдында Интернетте Тажикстанда коронавирустан көз жумду деген адамдардын кошумча, расмий эмес тизмеси пайда болгон жана анда каза болгон кишилердин саны 140тан ашканы көрсөтүлгөн.

Бул тизмеде маркум жарандардын аты-жөнү толук көрсөтүлгөн жана оорусунун таржымалы учкай жазылган. Бул интернет-порталды түзгөндөр мындай маалыматтардын баары ачык булактардан алынганын билдиришкен жана Саламаттык сактоо министрлигин илдеттен көз жумган адамдар тууралуу маалыматты жашырып жатат деп айыпташкан.

Күч органдары өлкөдөгү коронавируска байланыштуу такталбаган маалымат тараткандар жазаланарын эскертишкен.

Тажик бийлиги узак убакыт бою өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандар бар экенин бышыктабай келген. Дүйшөмбү 30-апрелде гана 15 учур катталганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG