Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

ИИМ: Сыймык Жапыкеевдин чакырыктары боюнча сотко чейинки териштирүү башталды


Сыймык Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев.

Мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеевге карата сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева «Азаттыкка» билдиргендей, ал боюнча арыз менен ИИМге Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылган. Арыз 7-майда Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгүнүн («Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») негизинде каттоого алынды.

«Ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Жумалиев кайрылып, соцтүйүндөрдө өзүн мурдагы прокуратура кызматкери деп атаган Жапыкеев деген жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Арызда Жапыкеев Жумалиев тууралуу жалган маалымат таратып, үй-бүлөсүнүн миллиондогон байлыгы мыйзам бузуу менен топтолгонун айтып жатканы, байлыгын, мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратканы көрсөтүлгөн», - деди ал.

ИИМдин маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө Жапыкеевдин соцтүйүндөрдөгү маалыматтары, видео кайрылуулары толугу менен иликтенип чыкты, сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Буга чейин Интернетте Жапыкеев Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Арасынан Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Көп өтпөй аны колдогон, мыйзамсыз байлыкты ашкерелөөгө чакырган маалыматтар байма-бай тарай баштаган.

Жапыкеев Жумалиевдин арызы жөнүндө кабары жоктугун билдирди. Ал акыркы кырдаал боюнча "Азаттыкка" кыска гана сүйлөп "Билгенин кылышсын, булар түз сүйлөп жаткан адамды ушундай кылса, анда болбой калыптыр" деп жооп берди. (RK)

XS
SM
MD
LG