Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

2019-жылы 160 миңден ашуун балага сүйүнчү пул берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы 4000 сомдон берилүүчү бир жолку сүйүнчү акча 161 800 балага берилди. 2018-жылы мындай каражат 90 900 балага берилген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле 2019-жылдын ноябрь айынан баштап үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта, жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон бериле баштаган. Бул жылы алты үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку жөлөкпул берилген, ага республикалык бюджеттен 900 миң сом бөлүнгөн.

Өкмөт сүйүнчү акча алуунун эрежелери жеңилдетилгенин белгилейт. 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү чегерилген. Башталган жылы бул акчаны 117 миң бала алган болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG