Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 09:54

Ишкерлерди 2022-жылга чейин текшерүүгө тыюу салуу сунушталды


Күнөскана.

Экономика министрлиги өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ишкер чөйрөнү колдоо максатында өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 «Ишкер субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуш кылды. Ал долбоордо ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган.

Министрлик буга чейин өкмөттүн аталган токтомуна ылайык, мораторий 2019-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 1-январына чейин киргизилген. Мухаммедкалый Абылгазиев башкарган өкмөт бул токтом мене ишкерлерди жөнү жок текшерүү тыйылганын, бул ишкерликти колдоодогу негизги жетишкендик экенин билдирип келет. Бирок айрым ишкер бирикмелер бул токтом кагаз жүзүндө калганын сындап жүрүшөт.

Өлкөдө коронавирус илдетине байланыштуу ири шаарларда киргизилген өзгөчө абал көпчүлүк ишкердин ишин токтоткон. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG