Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:57

Орусияда окуп жаткан 500дөй кыргызстандык курсант Бишкекке жеткирилет


Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев 12-майда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Орусиянын аскердик окуу жайларындагы 520 кыргызстандык курсант жакынкы күндөрү Бишкекке алынып келерин билдирди.

«Москва жана Омскиде эки, Санкт-Петербургга бир жолку каттам менен алып келебиз. Орусияда 520 офицер, курсант окуп жатат. Алардын окуусу аяктагандыктан алып келип жатабыз. Ошол беш каттам менен келишет», - деди Чомоев.

Комитет төрагасы, депутат Исхак Пирматов Жарандык авиация агенттигинин өкүлдөрүнө чет өлкөдөгү мекендештерди өлкөгө алып келүү боюнча так маалымат берүүгө чакырды.

12-майда онлайн брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 58 өлкөсүндө 8712 кыргызстандык жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын билдирген. Анын айтымында, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып, чектөөлөр киргизиле баштагандан бери 23 өлкөдөн учак жана автоунаа менен 9196 адам, алардын 995и соңку 12 күн ичинде алынып келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG