Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков «Эркечтам» бажы бекетинде кыргыз ишкерлеринин жүгү эмнеге өтпөй жатканына кызыкты:
«Ишкерлер «Эркечтамда биздин жүк өтпөй жатат» деп айтып жатышат. Бүгүнкү күндө көбүнчө «Абу-Сахий» фирмасынын жүктөрү эле өтүп жатыптыр».
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев депутатка: «Мисалы, кечээги күндү айтып кетсем, тогуз машине чыкты. Анын бешөө Кыргызстанга импорттолгон, төртөө транзиттик жүк», - деп жооп берип, транзиттик жүк кайсы фирманыкы экенин айткан жок.
Торутаев белгилегендей, учурда Кытай тарап менен кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекетин ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.
Жакында эле кыргыз өкмөтү бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарган журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган «Абу-Сахий» компаниясынан гуманитардык жардам алган. Укук коргоо органдары журналисттик иликтөөдөгү күмөндүү схемалар боюнча кылмыш ишин териштирип бүтө электе өкмөт бул компаниядан ири суммада жардам алганы коомчулукта талкуу жараткан.
Коронавируска байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жыл башынан бери жабык турат. Ал эми апрель айынын аягында Оштогу «Эркечтам» бажы бекети иштей баштаган. Ал жактан күнүнө 4-5 машине жүк импорт катары келип жатат. Кыргызстан товардын 80-90% Кытай мамлекетинен ташып келет. (TSh)