Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Анжиян окуясына 15 жыл болду


Анжиян апаатынын эртеси тартылган сүрөт.
Анжиян апаатынын эртеси тартылган сүрөт.

2005-жылдын 13-майында Өзбекстандын Анжиян шаарындагы Бабур аянтындагы кандуу окуяга 15 жыл болду.

Расмий маалымат боюнча ал демонстрацияда 187 киши курман болгон. Көз каранды эмес булактар курман болгондор андан бир нече эсе көп экенин айтып келатышат.

Эл аралык коомчулуктун өз алдынча иликтөө жүргүзүү тууралуу сунушуна ал кездеги президент Ислам Каримовдун бийлиги макул болгон эмес.

2005-жылдын 13-майында айрым жергиликтүү жашоочулар Өзбекстанда тыюу салынган «Акрамия» кыймылынын мүчөсү, диний экстремист деп шек саналган 23 ишкердин абактан бошотулуусун талап кылган.

Демонстрация учурунда экономикалык жана социалдык абалдын начардыгына карата да нааразылык айтылган. Митингге чыккандар өлтүрүлө баштаганда жүздөгөн киши Кыргызстанга качып өтүп, кыргыз өкмөтүнүн жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын аймагында баш калкалаган.

БУУнун Качкындар комитетинин көмөгү менен 500дөй өзбекстандык андан ары Румыниянын аймагына өткөрүлгөн. Кийинчерээк алар Швеция, АКШ, Канада сыяктуу мамлекеттерден башпаанек алышкан.

2020-жылдын январында Өзбекстандын башкы прокурорунун орун басары Светлана Артыкова маалымат агенттиктердин бириндеги маегинде «бийлик ошол кезде көп каталарга жол бергенин» айткан.

Өзбек саясатындагы кескин бурулуш жасады деп сыпатталган президент Шавкат Мирзиёвдин бийлигинин тушунда да Анжиян окуясы расмий эскерилип, баа бериле элек. (SE)

XS
SM
MD
LG