Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

«Apple» Өзбекстанда 59,2 миң доллар салык төлөдү


«Apple» корпорациясы I кварталдын жыйынтыгы менен Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине 59,2 миң доллар өлчөмүндө салык төлөдү.

Өлкөнүн Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, «Apple» Өзбекстанда кошумча нарк салыгын төлөөчү катары өз эрки менен каттоого турган.

Өзбекстанда 2020-жылдан тартып жарандарга электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компанияларга кошумча нарк салыгын төлөө тартиби киргизилген. Бул эрежеге ылайык, өлкөдө электрондук кызмат көрсөткөн 10 чет өлкөлүк компания кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталган. Буга чейин «Google Commerce Limited» компаниясы Өзбекстандагы көрсөткөн кызматы үчүн I кварталда 85 000 евро салык төлөгөнү кабарланган.

Мындан тышкар сериалдар менен кинотасмаларды тараткан «Netflix International B.V» компаниясы кошумча нарк салыгы катары 4,3 миң евро төлөгөн.

XS
SM
MD
LG