Кыргызстанда соңку бир суткада коронавируска 1421 анализ жүргүзүлүп, алардын жетөөнөн вирус табылды. Бул тууралуу 13-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын бирөө Ош облусунда, дагы бирөө Нарын облусунда жана Чүй облусунда бешөө.
Бир суткада 17 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 13-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1044 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 726 киши.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)