Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Абылгазиев: Былтыр 120 миң мугалимдин айлыгы 30% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы республикалык бюджеттен 5 млрд. сом бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө жумшалды. Анын ичинен 120 миң мугалимдин айлык акысы 30% көбөйдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-майда парламентте өкмөттүн былтыркы иши тууралуу маалымат берип жатып билдирди:

«Бүгүнкү күнү бийик тоолуу аймактарда мугалимдер 30 миң сомго чейин айлык алып жатышат. Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү менен биз бул кесиптин артыкчылыгын көрсөтө алдык».

Абылгазиевдин маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстанда 132 мектеп жаңыдан курулду, 10 бала бакчанын имараты мамлекеттин карамагына кайтарылды. 185 мектепте балдар ысык тамак ичишет.

Премьер-министр 2019-жылы билим берүү тармагына мамлекеттик бюджеттен ички дүң өнүмдүн 5,5% бөлүнгөнүн кошумчалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG