Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал «бир аз оңолуп келе жатат». Бул тууралуу 13-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Ал соңку бир суткада вирус жети гана адамдан табылганын «көптөн күткөн көрсөткүч» деп атады:
«Мындай көрсөткүчтү көптөн бери күтүп жаттык эле. Абал бир аз оңолуп келе жатат. Жаңы катталган жетөө тең мурда ооругандар менен контактта болгондор экени такталды. Аларды контакт болгондорду издөөнүн натыйжасында таптык. Кимден жукканы аныкталды. Бирөө оор жүк ташуучу машиненин айдоочусу экен. Ал шериги менен кошо Өзгөн шаарына келген. Анализин текшергенде коронавирус табылган. Жаңы катталган үчөө бир үй-бүлө мүчөлөрү болуп чыкты».
Ошону менен катар Үсөнбаев ар бир адам санитардык талаптарды аткарбаса, этият болбосо абал кайра курчушу ыктымал экенин эскертти.
Жалпысынан 13-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1044 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары – 726 адам.
Коронавирус өлкөдө аныкталганы тууралуу расмий маалымат алгач 18-мартта чыккан. (RK)