Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Бизнес-омбудсмен Бишкекте ишкерлерге коюлуп жаткан талаптарды «кошумча бюрократия» деп атады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын бизнес-омбудсмени ишкерлерге Бишкек шаарына кирүүгө уруксат алыш үчүн коюлуп жаткан талаптарды «кошумча бюрократия» деп эсептейт. Бул тууралуу Робин-Орд-Смит өзүнүн расмий сайтындагы билдирүүсүндө айтты.

Анда: «Ишкерлер өз ишмердүүлүгүн калыбына келтирип, жумуш орундарын сактап калып, туруктуулугун камсыз кылуу менен алек болуунун ордуна уруксат кагаздарын чогултуп, сааттап кезекте турууга мажбур болуп жатышат. Салык кызматына мөөр бастырыш үчүн баргандар өтө көп топтолууда, бул вирустун жайылышына шарт түзөт», деп айтылат.

Ошону менен катар бизнес-омбудсмен тийиштүү мамлекеттик органдарды ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп, тез арада көзөмөлдөө-өткөрүү системасын таптакыр алып салууга чакырды.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 11-майдан тартып Бишкек шаарында уруксат берилген мекеме-жайларда иштегендердин колунда жумушунан маалымдама болушу зарыл экенин, ал маалымдамада райондук салык кызматынын же акимчиликтин мөөрү болууга тийиш экенин билдирген. Жеке ишкерлердин колунда патенти болушу керек.

Бул талаптар 12-майда парламентте да сынга кабылды. Депутаттар салык кызматтарында кезек күткөндөр көбөйгөнүн, дээрлик эки ай карантинде отургандардын патент сатып алууга акчасы жетишсиз экенин кеп кылышты. (RK)

XS
SM
MD
LG