Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Жылкыбаев: Ош облусунда беткапсыз жүргөндөргө айып салынбайт


Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев 12-майда «Ынтымак» телеканалындагы түз эфирде облус аймагында беткапсыз жүргөндөргө айып салынбай турганын билдирди.

Бишкекте беткапсыз жүргөндөргө айып салынып жатканын айткан журналисттин суроосуна Жылкыбаев мындай деп жооп берди:

«Биз Бишкектегидей чечимдерди кабыл алган жокпуз. Биз жарандарыбызга ишенебиз. Телевидение аркылуу эскертүү берип жатабыз. Айыл башчыларды, айылдык кеңештин депутаттарын, аялдар жана жаштар комитетин ишке салганбыз. Көчмө топторго да кошуп бардыгы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бирок туура эмес багытта кетип калгандар да бар».

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев облус аймагында карантиндик режим жок болгондуктан беткапсыз жүргөн жарандарга укук коргоо органдары эскертүү берүү менен чектелерин айтты.

11-майдагы онлайн брифингде Бишкек мэри Азиз Суракматов 11-майдан баштап күчүнө кирген «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» жана «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдардагы өзгөртүүлөр күчүнө киргенин белгилеп, анда карантиндик эрежелерди бузгандарга ири өлчөмдө айып каралганын билдирген. Анда беткап тагынбагандарга 1000ден 5000 сомго чейин айып каралган.

Ал эми «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери өкмөткө жана Бишкек шаарынын жетекчилигине кайрылып, өзгөчө абал бүткөндөн кийин жумушка чыккандарга карата коюлуп жаткан талаптар көп суроо жарата баштаганын эскертишкен.

Уюмдун сайтына жарыяланган кайрылууда өзгөчө кырдаал режими узартылганы туура чечим болгону, бирок өкмөт менен мэриянын талаптарынын бири-бирине жана мыйзамдарга карама-каршылыгы, ал талаптар тууралуу расмий документтер жарыяланбаганы элдин «кыжырына тийип жатканы» айтылат. (DU)

XS
SM
MD
LG