Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Тоңдун 25 жаштагы тургуну чагылган тийип каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда 25 жаштагы жигит чагылган уруп каза болду. Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагынын башчысы Улан Мааткеримов «Азаттыкка» билдиргендей, окуя 12-майда болгон.

Анын айтымында, 25 жаштагы жергиликтүү тургун эки айылдашы менен уй кайтарганы кезүүгө чыккан. Кечке жуук катуу жааган жаан учурунда ага чагылган тийип, окуя болгон жерден каза тапкан.

«Бала биздин айылда турчу, алты бир туугандын кенжеси. Чагылган түшкөндө жанындагылары, жакындары болуп ооруканага алып келген экен. Бирок дарыгерлер кеч болуп калганын айтышты. Эртең эми жерге берилет», - деди ал.

Каза болгон жигиттин төш чөнтөгүндө уюк телефону болгон.

Бир жыл мурун Баткен облусунун Кадамжай районунда 39 жаштагы жергиликтүү тургун чагылган уруп каза болгон. (KS)

XS
SM
MD
LG