Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Депутат Акаев: Күйүүчү май аткезчилигинен 5 млрд. сом бюджетке түшпөй жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев бүгүн,13-майда парламент отурумунда билдирди. Ал учурда күйүүчү май аткезчилиги күч алганын белгилеп, Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда аткезчилик жолу менен ташылган күйүүчү май кеңири сатылып жатканына токтолду:

«Минтип кете берсе жакында аткезчилер Ак үйгө чейин келип, күйүүчү майын сата башташат. «Баткендеги чек арадан бир жылда аткезчилик менен күйүүчү май алып өтүлгөн 22 факт катталды» деп берип жатасыңар. Бул 22 факт. Күнүгө түшкө чейин өтөт, чек арадан. Реформатор өкмөт болгуңар келсе, чечкиндүү кадамдарга барып, аткезчиликти жоюшуңар керек».

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров күйүүчү майдын дүң баасы 19 сом 40 тыйынга түшкөнү менен, май бекеттердеги баасы он сомго кымбат болуп жатканын белгилеп, өкмөт башчыдан баага көзөмөл кылууну талап кылды. Премьер-министр күйүүчү май аткезчилигине жана баасына көзөмөл кылууга убада берди.

Учурда Бишкектеги май куюучу бекеттерде 1 литр бензиндин баасы сапатына жараша 35 сомдон 40 сомго чейин сатылып жатат.

Шаардын четиндеги жол боюнда желим бөтөлкөлөргө куюлуп сатылып жаткан бензиндин баасы 30 сомдон 35 сомго чейин. (ZKo)

XS
SM
MD
LG