Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Ашраф Гани армиясына жоочуларга чабуул коюуга буйрук берди


Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Ооган президенти Ашраф Гани кеминде 40 адамдын өлүмү менен аяктаган соңку кол салуулардан кийин коопсуздук күчтөрүнө талибдерге жана башка куралдуу топторго чабуул коюуга буйрук берди. Гани 13-майдагы телекайрылуусунда «Талибан» кыймылын жана «Ислам мамлекети» террордук уюмун шейшембидеги чабуулдардан улам айыптады.

Талибдер буга чейин соңку чабуулдарга тиешеси жок экенин билдиргени менен ооган куралдуу күчтөрүнүн мизи майтарыларын эскертишти.

Кабулдун шииттер байырлаган бөлүгүндө 12-майда «Чек арасыз дарыгерлер» кайрымдуулук уюмуна караштуу төрөт үйүнө куралдуу үч киши кол салган. Кандуу окуяда 16 адам мерт болгон, алардын арасында жаңы төрөлгөн эки ымыркай да бар экени маалымдалган. Ооган коопсуздук күчтөрү кол салгандардын баары жок кылынганын билдирген.

Анын алдында өлкөнүн чыгышындагы Нангархар провинциясында тажия өтүп жаткан жерде жанкечтинин чабуулунан бери дегенде 24 адам өлүп, 70ке чукул киши жарадар болгон. Бул чабуулду «Ислам мамлекети» террордук тобу уюштурганын мойнуна алган.

Ага чейин ооган чалгын кызматы аталган уюмдун аймактагы башчысы шейх Абу Омар Ал-Хорасани деген ат менен таанымал Зия-ул-Хакты колго түшүргөнүн билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Жозеп Боррел жана «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму соңку чабуулдарды кескин айыпташты.

XS
SM
MD
LG