Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:16

Шашылыш билдирүү: Сел жүрүү коркунучу бар


Ноокен району. 6-май, 2020-жыл.
Ноокен району. 6-май, 2020-жыл.

14-майдан 17-майга чейин Кыргызстандын айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаайт. Тоолуу аймактарда жаан карга айланат. Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 14-майда күндүз, 15-майдын түнүндө Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, 15-майда күндүз Ысык-Көл облусунда катуу жаан төгөт. Айрым жерлерде мөндүр аралаш жамгыр жаайт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарга мал айдоого, айыл чарба иштерин жүргүзүүгө, автоунаалардын жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук кылат.

Мол жааган жаандан улам дарыяларда суулардын деңгээли көтөрүлүп, айрым аймактарда сел жүрүү коркунучу бар.

Майы айынын башында мөндүр аралаш жааган катуу жаандын кесепетинен өлкөнүн түштүк аймагында, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында сел жүргөн. Сел эгин талааларын, турак үйлөрдү, короолорду каптап, бир нече миллион сомдук чыгым алып келген.

XS
SM
MD
LG