АКШда айрым штаттардын бийлик органдары Орусия берген «Авента-М» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуудан баш тартып, кайра кайтарып жатат. Кошмо Штаттардын Чукул кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча федералдык агенттиги бул жабдуулар алынып келгенден бери ооруканалардын кампасында эле турганын билдирди.
Кийинки күндөрү Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында коронавирус жугузгандар дарыланып жаткан эки ооруканада өрт чыгып, алты адам көз жумду. Баштапкы маалыматтарга караганда, өрт «Авента-М» аппаратынын айынан башталган.
Өткөн айдын башында Орусия гуманитардык жардам катары АКШга коронавирус менен ооругандар үчүн бир учак толо дары-дармек, медициналык жабдуу жөнөткөнүн билдирген. Вашингтон көп өтпөй Москвадан жардам алганын четке каккан жана ал дары-дармек менен жабдуунун теңинен көбүн сатып алганын айткан. Бирок канча акча төлөнгөнүн ачыкка чыгарган эмес.
АКШ коронавирус жуккан жана илдеттен ажал тапкандардын саны боюнча биринчи орунда турат. Соңку маалымат боюнча, бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирус 1,3 миллиондон ашык адамга жугуп, 82 миңден көп киши көз жумду.