Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Жунушалиев: «Коопсуз шаардын» камералары Торугартка чейин коюлат


Иллюстрациялык сүрөт.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычына ылайык, жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл кылуучу камералар Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош-Исфана жолуна коюлат. Бул маалыматты ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 13-майда парламентте депутат Фархад Түлөндүбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

««Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы 2019-жылдын март айынан тартып Чүй облусунда жана Бишкек шаарында иштеп жатат. Экинчи баскычына тендер өткөрүлгөн. Карантин бүтсө, экинчи баскыч боюнча да долбоор иштей баштайт. Камералар бул жагы Торугартка, экинчи тарабы Исфанага чейин коюлат».

Ички иштер министринин маалыматына караганда, «Коопсуз шаар» долбоорунан 592 млн. сом айыппул чогулган.

«Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылы 12-февралдан тартып Бишкекте ишке кирген. Март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды. Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компания жеңүүчү деп табылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG