14-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 18…23;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 22…24 градус болот.