Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Миграцияда жүргөндөрдүн балдарына жөлөкпул берилбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ата-энеси чет мамлекеттерде иштеп жүргөн балдарга жөлөкпул берилбейт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 13-майда парламентте “Республика - Ата Журт” фракцясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Министрдин айтымында, буга чет мамлекеттерде иштеген жарандардын кирешесин аныктоого мүмкүн болбогону себеп.

«16 жашка толо элек балдарга жөлөкпул үч критерий менен берилет. Үй-бүлөнүн кирешеси киши башына ай сайын миң сомдон ашпашы керек. 20 жылдан жаңы автоунаасы болбошу керек. Киши башына төрттөн ашуун кой туура келбөөгө тийиш. Үйдө сегиз жан болуп, 32 кою болсо, анда ал үй-бүлөнүн балдарына жөлөкпул берилбейт. Сыртта жүргөн кыргызстандыктардын балдарына да жөлөкпул берилбейт, биздин жобо буга жол бербейт», - деди Улукбек Кочкоров.

Министрдин маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстанда жашы 16га жете элек 308 миң бала жөлөкпул алган. Учурда 313 миң бала жөлөкпул алып жатат.

16 жашка чыга элек балдарга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү - 800 сом.

Өкмөттүн 13-майдагы маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1,1 млн. адам социалдык камсыздоодо турат. Алардын ичинен 402 миң адам жөлөкпул алуучулар. Мындан тышкары 676 миң пенсионер бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG