Швейцария өкмөтүнүн жардамы менен Кыргызстандын ар бир облусунда аралыктан медициналык кеп-кеңеш жана маалымат берүүчү call-борбор иштей баштайт. Бул тууралуу 13-майда Швейцариянын элчилиги кабарлады.
Кыргызстандын COVID-19га каршы аракеттерине колдоо көрсөтүү максатында бул борборлор 118 бирдиктүү маалымат номуруна байланат. Ар биринде экиден медайым жана экиден ординатор иштеп, ден соолугуна байланыштуу кайрылгандардын суроолоруна жооп беришет. Бул борборлор облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт.
Алгач call-борборлор Чүй жана Нарын облустарында ачылды, бир жума ичинде башка аймактарда да иштей баштайт.
Ар бир телефон чалуу боюнча клиникалык баа берилип, операторлор маалыматты көчмө бригадаларга беришет. Алар бейтаптын үйүнө барып, COVID-19га анализ алып, зарыл болсо ооруканага жаткырат.
Швейцариянын «Кыргыстандагы медициналык билим берүүнүн реформасы» долбоору 2013-жылдан бери ишке ашырылып келет.
13-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1044 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары – 726 адам. (RK)