Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Чет жактардан кыргызстандыктарды алып келүү аракеттери көрүлүп жатат


Дубайдан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 10-май, 2020-жыл.
Дубайдан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 10-май, 2020-жыл.

Орусиядан жакында, 17-майда кыргызстандык жарандарды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары Дубайдан, Жапония жана башка чет өлкөлөрдөн мекенине кайта албай жаткан кыргызстандык жарандарды кайтарып келүү боюнча Тышкы иштер министрлиги иш жүргүзүп жатат.

Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 13-майда парламентте билдирди. Анын айтуусунда алып келе албаган жарандарды ошол жактан колдоо боюнча да иштер жүрүп жатат, каражаттар жетиштүү.

Чет өлкөлөрдөн келе албай калган кыргызстандыктарды алып келүү маселеси коронавирус пандемиясы жарыялангандан бери көтөрүлүп келет. Февраль айынан бери чет өлкөлөрдө мекенине кайта албай калган 8 миңге чукул адам Кыргызстанга кайтарылган.

Учурда мекенине кайтууну көздөп, элчиликтерге кайрылган кыргызстандыктардын саны 2 миңден ашуун деп кабарланууда.

Орусиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана Түркиядан кыргызстандыктарды алып келүү үчүн чартердик каттамдар жалданган.

Орусиянын Соль-Илецк шаарынан мигранттар автобустар менен алып келинген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG