Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы отчётун колдоду


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

13-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө токтомду көпчүлүк добуш менен кабыл алды. 96 депутат «макул», беш депутат «каршы» деп добуш берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү бир күн бою депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Өкмөт 2019-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 4,5% арбыганын, эл аралык рейтингдеги Кыргызстандын көрсөткүчү жогорулаганын, инвестиция, экспорт сыяктуу бир топ тармактарда өсүш болгонун билдирди.

Бирок айрым депутаттар өкмөттүн иши кескин сындап, ал өлкө тарыхындагы чабал өкмөттөрдүн бири болгонун белгилешти. Алар өлкөдө ири долбоорлор ишка ашпаганын, экономика статистикалык сандарда өсүп, элдин турмушуна реалдуу жардам болбогонун белгилешти.

Маселен, депутат Абдывахап Нурбаев Мухаммедкалый Абылгазиевди эгемен Кыргызстандын тарыхында эң узак мөөнөт өкмөттү жетектеген жана ошол эле учурда бюджетти аткарбаган өкмөт башчы деп атады.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган отузунчу өкмөт ишке 2018-жылы 20-апрелде киришкен. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG