Германиянын канцлери Ангела Меркел 2015-жылы Бундестагдын расмий сайтына коюлган киберчабуулга Орусиянын тиешеси бар экенине жетиштүү далилдер бар экенин билдирди. Ал шаршембиде немис парламентинде сүйлөп жатып, ушундан улам Москвага каршы чаралар көрүлүшү ыктымал экенин айтты.
Немис полициясы киберчабуулга байланыштуу орусиялык Дмитрий Бадин шек саналып жатканын билдирген. АКШ бул жаранга ушундай эле мүнөздөгү кылмыштардан улам издөө жарыялаган.
«Spiegel» журналынын маалыматына караганда, киберчабуулдан улам хакерлер Ангела Меркелдин 2012-2015-жылдардагы кат алышуусун көчүрүп алышкан.
Меркел ошондой эле Берлинде киши колдуу болгон чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвили да тууралуу сөз кылды. Буга чейин өлкөнүн Федералдык прокуратурасы Хангошвилинин киши колдуу болушуна орус бийлигинин катышы болушу мүмкүн экенин билдирген. Немис тарап орус бийлиги тергөөгө адекваттуу жардам көрсөтпөгөнүн, эгер кылмышты иликтөөгө Москва жардам бербесе чара көрө турганын эскерткен.
Орусиянын президенти Владимир Путин Хангошвилинин өлүмүнө орус атайын кызматынын катышы бар деген кинени четке кагып, өлтүрүлгөн адамды Москва метросунда жардырууларды уюштургандардын бири деп атаган.