Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев 13-майдагы парламент жыйынында ачылышына өкмөт башчы катышкан долбоорлор ишке ашпай калганын айтып, алардын тагдырына кызыкты:
««Искра Азияга» 1 млрд. сом келет» дегенсиз. 70 гектар Чүйдө жана Ат-Башыдагы логистикалык борбор. Үчөөнүн тең тасмасын кескенсиз. Эмне себептен иштебей калды?».
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыдагы логистикалык борбордон башка эки долбоор тең күчүндө экенин билдирди. Жакында инвесторлор келерин айтты.
Ошондой эле Мирлан Жээнчороев мамлекеттен 345 млн. сом бөлүнүп ачылган «КТ Мобайл» уюк оператору 2019-жылы 280 миң сом гана киреше тапканын сындады. Буга Абылгазиев аталган бизнес долбоордун келечеги бар экенин, анын баасы азыр 2,5 млрд. сомго көтөрүлгөнүн айтты.
13-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө токтомду көпчүлүк добуш менен кабыл алды. 96 депутат «макул», беш депутат «каршы» деп добуш берди. (TSh)