Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:34

Депутат: туугандары жарадар жоокерди Орусиядан дарылатууну суранууда


12-майда ооруканада чек арачылардан президент Сооронбай Жээнбеков кабар алган учурда тартылган сүрөт.
12-майда ооруканада чек арачылардан президент Сооронбай Жээнбеков кабар алган учурда тартылган сүрөт.

13-майдагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Сактан Келдибаев Баткендеги чек арада жарадар болгон аскердин туугандары аны Орусиядан операция кылып берүүнү суранып жатканын билдирди. Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкеримов жоокердин ден соолугу жөнүндө жыйында маалымат берди.

«Жоокердин ден соолугу оор бойдон калып жатат. Операция жасалды, ичиндегилери тазаланды. Сөөктөгү эки октун калдыгы турат. Ал октун калдыктарын дарыгерлер менен кеңешип туруп алабыз. Азыр жоокер акыл-эсинде, бирок ок тийген омурткадан ылдый жагы жансыз болуп жатат», - деди министр.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандык дарыгерлердин «жоокер Орусиядан дарыланышы керек» деген чечими болсо алып барууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын жарадар болгон үч жоокери - Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген.

Көкүрөгүнө ок тийген экөөнүн абалы канааттандырарлык, ал эми омурткасына ок тийген Султанбек уулу Мирбектин абалы оор экени, ал реанимацияда жатканы кабарланган. Тажик тарап бул окуяда эки жараны жараат алганын билдирген.

8-майда кыргыз-тажик чек арасынын Баткен аймагында курал колдонгон чыр чыккан. Окуяга байланыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери нота алмашып, бири-бирине доомат коюшкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG