Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Катардан жана Кувейттен 107 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди


Катардан жана Кувейттен кыргызстандыктарды алып келген учак. «Манас» аэропорту. 14-май, 2020-жыл.
Катардан жана Кувейттен кыргызстандыктарды алып келген учак. «Манас» аэропорту. 14-май, 2020-жыл.

14-майда Катар жана Кувейт өлкөлөрүнөн 107 адам Бишкекке жеткирилди. Аларды «Jazeera Airways» компаниясынын учагы Эл-Кувейт – Доха – Бишкек каттамы менен алып келгенин Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жарандар менен кошо Казакстандын да 31 жараны келген. Аларды «Манас» аэропортунан казак өкмөтүнүн өкүлдөрү тосуп алып, атайын машине менен өлкөсүнө алып чыгып кетишкен.

Кыргызстандык жарандар учактан түшөрү менен обсервацияга алынды.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дүйнөнүн 58 өлкөсүндө 8712 кыргызстандык мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын, 1 миңге жакынын май айынын аягына чейин, алардын ичинен Катардан 36, Кувейттен 105 адамды алып келүү планы бар экенин 12-майдагы онлайн брифингде айткан.

Министрлик чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүү аракеттери уланып жатканын билдирүүдө.

Орусиядан кыргызстандыктарды чартердик каттам менен 17-май күнү алып келүү маселеси чечилгенин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 13-майда парламентте айтты. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG