Баткен облусунда нөшөрлөгөн жаандан кийин арыктагы суу ашып, күрүч эгилген талааны жууп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 13-майда кечинде нөшөрлөп жаан жааган.
Жаркыштак айылында арыктагы суу ашып, 50 сотых күрүч талаасын каптаган.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Аксы райондорунда да 11-12-майдагы жаандын кесепетин жоюу иштери уланууда. (RK)