Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Депутат Акаев: Кечээ Атамбаевдин этегине намаз окугандар бүгүн аны тепкилеп атасыңар (видео)


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мындай пикирин бүгүн, 14-майда шайлоо босогосун жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирди. Депутат айрым кызматташтарына кайрылып:

«Мирлан Жээнчороевди «тогуз пайыздык босого тууралуу мыйзам долбоорунун авторусуң» деп айыптаганыңар туура эмес. Жалгыз ал сунуш кылып эле, калганың каршы чыктыңар беле? Кечээ эле өткөнкү президенттин этегине намаз окуп жүргөндөр, бүгүн эми Жээнбековдун этегине намаз окуп жүрөсүңөр. «Түндүк-түштүк альтернатива жолуна Атамбаевдин атын берели» деп сунуш кылгандар азыр кайра аны тепкилеп атасыңар. Кырдаалга жараша позициясын өзгөртүп, кошоматчылыктан кошоматчылыкка күн көрүп жүргөндөр толтура, арабызда».

Жогорку Кеңеш бүгүн, 14-майда шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Айрым депутаттар мыйзам долбоорун караган комитеттин дарегине сын пикир айтып, регламент бузулганын белгилешти. Ошондой эле талкуу учурунда кээ бир депутаттар Мирлан Жээнчороевди 2017-жылы шайлоо босогосун тогуз пайызга көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун автору болгон деп айыпташкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG