Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Орусиянын Прагадагы элчилиги дипломатты коргоону өтүндү


Орусиянын Прагадагы элчилиги.

Чех өкмөтү Орусия Прагадагы элчилигинин дипломаттарынын бирин полициянын коргоосуна алууну өтүнгөнүн ырастады.

Расмий катта элчиликке караштуу Орус маданияты жана илим борборунун жетекчисинин орун басары Андрей Кончаков анын аты чех медиасында аталгандан кийин коркутууга туш болуп жатканы айтылган. Чехиянын айрым маалымат каражаттары «дипломат мартта рицин деген уулуу затты Прагага алып келген, ал зат борбор шаардын мэрин жана эки райондун башчыларын ууландырыш үчүн колдонулмак» деп 10-майда кабарлашкан. Москваны кыжаалат кылган демилгелерди колдогон ал үч саясатчы полициянын кайтаруусуна алынган.

Орусиянын элчилиги Кончаковдун дарегине коркутуп-үркүткөн каттар келип жатканын айтып, 11-майда чех полициясы аны коргосун деп суранган.

Чехиянын тышкы иштер министри Томас Петричек ал өтүнүчтү 12-майда полицияга жибергени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG