Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Беларус жарандары Евробиримдикке визаны оңой алышат


Европа парламенти Беларус жана Еврошаркет ортосунда виза режимин жөнөкөйлөштүргөн документти жактырды. Брюсселдеги сессияда онлайн добуш берүү шаршембиде өттү.

Евробиримдик менен Минск ушул жылдын 8-январында кол койгон документтерди эми Европа кеңеши жактырышы керек. Андан кийин гана күчүнө кирет.

Виза келишимине ылайык, тараптардын жарандарына эми виза алуу оңой болуп калмакчы. Беларус жарандарына визанын баасы 80 евродон 35 еврого арзандайт. Виза берүү тууралуу чечим 10 күн ичинде кабыл алынмакчы. Шаркеттин жарандары Беларуста мурда жылына 90 күн гана боло алса, эми бул мөөнөт 180 күнгө узартылууда.

Сөз болгон жеңилдиктер виза режимин либералдаштырууга карай кадам болуп эсептелет. Ушу тапта Грузия, Молдова жана Украина жарандары биримдиктин аймагына (Ирландиядан тышкары) 90 күнгө чейин визасыз келе алышат.

XS
SM
MD
LG