АКШ Кытайга байланышы бар хакерлер коронавирусту изилдеп жаткан америкалык уюмдарды бутага алып жатканын билдирди. Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросу жана Киберкоопсуздук боюнча агенттиги 13-майда билдиргендей, бул хакерлер вакциналар жана дарылоо жолдору тууралуу маалыматтарды COVID-19 илдетин изилдөөгө тиешеси бар түйүндөрдөн жана кызматкерлерден мыйзамсыз жол менен алууга аракет кылышкан. Бирок коопсуздук органдары кандай киберчабуул болгонун ырастай турган далилдерди көрсөткөн жок.
Кытайдын Вашингтондогу элчилиги бул маалыматты четке какты.
Коронавирус пандемиясы Кытай менен АКШнын ортосундагы чыңалууну күчөтүп койду. Президент Дональд Трамптын администрациясы коронавирустун дүйнөгө тарап кеткени үчүн Бээжинди күнөөлөп келет. Кытай бийлиги Ак Үйдүн дооматтарын четке кагууда.