Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Кыргызстан: Коронавирус жуккандардын арасында 12 ымыркай бар


Иллюстрациялык сүрөт. Кытай. Медайым коронавирус жуккан ымыркай менен отурат. 16-март, 2020-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Кытай. Медайым коронавирус жуккан ымыркай менен отурат. 16-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын арасында бир жашка толо элек 12 ымыркай бар. Бул тууралуу 14-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, балдар бул илдетти чоңдордон жугузган, себеби айрым учурда коронавирус менен ооруган адам клиникалык белгилери байкалбай жүрө бериши ыктымал. Ошондуктан балдарга карата көзөмөлдү күчөтүү зарыл экени айтылды.

Каратаев кошумчалагандай, жалпысынан бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус 1082 адамдан табылды. Алардын 147си 15 жашка чыга электер. Ал эми 56 жаштан жогору курактагылар 193 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG