Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:38

Өкмөттүн Оштогу өкүлү куран окутууну токтото турууну өтүндү


Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жарандарды Орозо айы бүткөндөн кийин да куран окутуу, жентек жана башка жөрөлгөлөрдү өткөрбөй, токтото турууга чакырды. Ал бул тууралуу бүгүн, 14-майда брифингде айтып кетти.

«Мындай жөрөлгөлөрдө эл көп чогулат, тууган-урук алыс-жакындан жол жүрүп келет. Бул албетте, азыркы кырдаалда кооптуу. Ошондуктан буга жол бербей, мал союп, чыгашаны көбөйтпөөгө чакырам. Андан көрө өз ден соолугуңуздарды карап, жашоо-тиричиликти жакшыртып, балдардын билим алышына шарт түзөлү», - деди Жылкыбаев.

Отуз күндүк Орозо айы 24-апрелде башталган. Буга чейин өкмөт муфтият менен чогуу кыргызстандыктарды орозодо чогулуп ооз ачпоого, таравих намазын үйдөн окууга чакырган.(DU)

XS
SM
MD
LG