Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Депутаттар жакыр үй-бүлөлөргө жардам акчалай берилишин талап кылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Колунда жокторго, жумушу жок үйүндө отуруп калгандарга азык-түлүк менен эмес, акчалай жардам берилиши керек. «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт мүчөлөрүнө ушундай талап койду. КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Дастан Бекешев да ушундай эле сунуш киргизди.

Депутаттар мындан тышкары аймактарга берилүүчү түрткү берүүчү гранттар тууралуу да маселе көтөрүштү. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Искендер Гаипкулов менен «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Жыргалбек Турускулов айрым айыл өкмөттөргө түрткү берүүчү гранттар эмгиче берилбей кечиктирилип жатканын айтып чыгышты. Буларга жооп берген финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын маалыматына караганда, түрткү берүүчү гранттар бир нече траншка бөлүнүп, берилип келе жатат.

Ушул тапта Жогорку Кеңеш коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн өзгөртүү маселесин карап жатат.

Бул кырдаалдан мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго азаяры мурда кабарланган. Ушундан улам, өкмөт бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартып, оптималдаштырууну сунуш кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG